www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөнүн айымдарына Эл аралык аялдар күнүнө карата 60 манаттан (кара базар курсу боюнча $3) берүүнү тапшырды. Бул тууралуу ТДХ билдирет.

Бийлик муну «өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдү ишке ашыруудагы аялдарыбыздын чоң эмгеги, Мекенине берилген, дени сак жана шыктуу муунду тарбиялоодогу салымы, ошондой эле кубаттуу мамлекеттин жаңы доорунун Жаңылануу мезгилинде сүйүктүү энелерди жана кымбаттуу эже-карындаштарды урматтоонун ата-бабалардан калган асыл салттарын улантуу максатында» деп түшүндүрдү.

Акчалай белектер 2-марттан 6-мартка чейин төмөнкү категориядагы жаран айымдарга берилет:

менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштегендерге,

▪️ пенсия жана мамлекеттик жөлөкпул алуучуларга,

▪️ өндүрүштөн ажыратуу менен аспирантурада, докторантурада жана клиникалык ординатурада окугандарга,

▪️ Түркмөнстан президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын окуу мөөнөтү кеминде эки жыл болгон курстарынын угармандарына,

▪️ мектептерде жана жогорку окуу жайларда окугандарга,

▪️ мектепке чейинки балдар мекемелеринин тарбиялануучуларына.

Түркмөнстандын т айымдарына 8-мартка карата 60 манаттан жети жыл катары менен берилип келет. Ошол эле учурда 2019-жылдан бери өлкөдө азык-түлүк жана товарлардын баасы бир нече эсеге өскөн. Мисалы, 2019-жылдын март айында уй этин килограммы 22 манаттан сатып алууга мүмкүн болсо, 2026-жылдын январында бул продукт 110 манатка чейин кымбаттаган. Жергиликтүү сорттогу алманын баасы килограммы 6 манаттан 26 манатка чейин өскөн.

2019-жылга чейин 8-мартка карата президенттик белек 40 манатты түзчү (расмий курс боюнча $11,4).

Түркмөнстанда минималдык айлык акы 2019-жылы 790 манат болсо, 2025-жылы 1410 манатты түзгөн. 2026-жылы айлыктар жогорулатылган эмес. 2025-жылдын сентябрында аксакалдардын бири төлөмдөрдүн өсүшүн токтотууга чакырып, «өлкөнүн калкынын социалдык-тиричилик шарттары жогорку деңгээлге жетти» деп билдирген.

Манаттын расмий курсу 2015-жылдан бери өзгөрүүсүз — 1 доллар үчүн 3,5 манат. Ал эми реалдуу же кара базар курсу бүгүнкү күндө 19,5 манатты түзөт. Демек, бийликтин акчалай белеги расмий курс боюнча $17 болмок, бирок иш жүзүндө болгону $3 түзөт.

P.S. Түркмөнстанда белек тууралуу билдирүүнү көзгө тийгизүү ыраазычылыктын белгиси болуп саналат. Сүрөт hronikatm.com сайтынан.

Последние новости