www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөргө NazarNews сарасеп салат. Бул жолку каарманыбыз – Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев.
Акыркы саясий турбуленттүүлүк мамлекеттеги кадрдык системаны кайрадан жаңылоого мажбур кылды. Дал ушул кырдаалда Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп жылдызы жанды.
Марлен мырза канткен менен саясатта бышты. Өтө ийкемдүү, билимдүү жигит. Бир топ жылдан берми мамлекеттик кызматтарда иштеп, Жогорку Кеңештин үч чакырылышнын депутаты болду. Такшалды. Тажырыйба топтоду.
Албетте, Жогорку Кеңештин төрагасы болуу ар кимге эле буйруй бербейт. Минтип кел-кели келип, жаштыгына карабай мамлекеттик жогорку даражадагы үлкөн кызматты аркалаган экинин бири болуп отурат.
Эми бир келген ооматты текке кетирбестен, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштейт деп ишенели. Азырынча басыгы дурус. Жаза тайып, интригага алдырчулардан эмес. Кокустук эле болуп туура эмес кадамдарды жасап алып, үзөңгүдөн буту тайбаса, көпкө чуркай тургандай.