www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажыга жана умра министрлиги өлкөнүн жарандары жана тургундары үчүн хаджга барууну каалагандарга Nusuk тиркемеси жана расмий сайт nusuk.sa аркылуу каттоону ачты. Сауд Арабиясынын маалымат агенттиги SPA билдиргендей, туристтик пакеттерди брондоо 4-мартта башталат.

Каттоо 17-апрелге чейин уланат, жана  мурда барбаган арыз берүүчүлөргө берилет. Эгер бош орундар калса, брондоо башка ылайыктуу арыз берүүчүлөр үчүн да ачылат.

Арыз берүүчүлөр 15 жаштан кичүү болбошу керек жана саламаттыгы талаптарга жооп бериши зарыл. 

Министрлик кошумчалагандай, келишимдер Nusuk платформасында катталган лицензиялуу компаниялар аркылуу гана түзүлөт. Меккеге уруксат алуу үчүн зыяратчылар өздүк эсебин түзүп, маалыматтарын киргизип, катышуу укугун тастыктап, кызматтар пакетин тандап, SADAD системасы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшү керек.

Мүмкүнчүлүгү бар зыяратчыларга Nusuk тиркемеси же веб-сайт аркылуу дароо каттоого кеңеш берилет. Бардык суроолор боюнча бирдиктүү номерге кайрылууга болот: 1966.

Последние новости