www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында аз көлөмдөгү чачыраткычтарды туура колдонуу жана тейлөө боюнча окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунуч жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган.
ФАО өлкөлөргө техникалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоодо жана заманбап технологияларды колдонууда колдоо көрсөтүп келет. Уюм чегирткеге каршы алдын алуу стратегиясын илгерилетип, мониторинг, эрте эскертүү жана адистердин потенциалын өнүктүрүүгө басым жасоодо.
24–26-февралда Бишкек шаарында аз көлөмдөгү чачыраткычтарды туура колдонуу жана тейлөө боюнча окуу өткөрүлдү. Иш-чара ФАОнун аймактык программасынын алкагында жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) каржылык колдоосу менен уюштурулду.
Окутууда Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын адистери жабдууларды калибрлөө, оңдоо жана коопсуз колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты. Аз көлөмдө чачыраткыч колдонуу технологиясы пестициддерди аз көлөмдө, натыйжалуу жана айлана-чөйрөгө зыянды минималдаштырып колдонууга мүмкүндүк берет. Мындай демилгелер аймактык кызматташтыкты бекемдеп, саранчага каршы ыкчам жана координацияланган аракеттерди камсыздайт.