www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-февралда Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйынга Төраганын орун басарлары, депутаттык топтордун башчылары, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, эл аралык иш-чараларга тиешелүү сунуштар каралды.
Төрага Марлен Маматалиев чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштурууда бардык депутатка бирдей мүмкүнчүлүк түзүү талабын коюп, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине аталган маселе боюнча керектүү иштерди алып барууну тапшырды.
Ошону менен катар Төрага мыйзам чыгаруу ишин жакшыртуу жана санариптештирүү саясатын күчтөндүрүү жаатындагы пикирлерин айтып, бул жаатта жасалып жаткан иштерге токтолду.
Мындын тышкары жыйында Координациялык кеңештин мүчөлөрү айрым комитеттердин аталышын кайра карап чыгуу жана отурумдарга чакырылгандардын онлайн катышуусун камсыздоо жаатындагы сунуштарын беришти.