www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Замбиянын президенти Хакаинде Хичилема, өлкө боюнча кургакчылыктан улам "улуттук апаат жана өзгөчө абал" жарыялады.

Хичилема борбор шаар Лусакада элге кайрылуусунда болжол менен 1 миллион гектарлык айыл чарба жерине зыян келтирген кургакчылыктын айынан «улуттук апаат жана өзгөчө абал» жарыяланганын айтты.

Эл аралык өнөктөштөрдү гуманитардык жардамга чакырган Хичилема, экономика жана өнөр жайдын туруштук берүүсү үчүн гидроэлектр ресурстарындагы жоготууларды энергия импорту менен толуктай тургандарын билдирди.

Хичилема кредиттик компаниялардан Замбиянын карыздарын реструктуризациялоону суранып, кургакчылыктан 1 миллиондон ашуун үй-бүлөнүн терс таасирлене турганын белгиледи.

Өткөн аптада өлкөдө ачарчылык коркунучунан улам жүгөрү жана жүгөрү унун экспорттоого тыюу салынган.

Тышкы карыздарын төлөй албагандыктан дефолтко учураган Замбиянын, Кытай баш болгон көптөгөн кредиттик компанияларга карызы бар.

Последние новости