www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Көпчүлүк мыкты таланттардын тагдыры аянычтуу. Дүйнөлүк киноклассик Алфред Хичкок: “Мен-жалгыздыктын деңизимин!” - деп бекеринен айтпаган чыгаар. Сейдакматовдун тагдыры дагы мына ошондогу деңиздин жалгыздыгына сүңгүп кете бергендей. Мен эми бир кездеги Бекин эмесмин, эч кимге кереги жок экенимди билем. Тагдырынын тайкылыгына адам бир гана өзү күнөөлүү. Кечиргиле, эгер кечире алсаңар! Эми, мени издесеңер ролдорумдан тапкыла... деп жаңырык салып тургандай.

Кыргыз искусствосу жашап турганда, Бекин Сейдакматовдун ысымы да жашай бермекчи.

КР эл артисти, режиссёр Замир Эралиев.

- Замир-ага, жакын досу катары айтсаңыз, Бекин Сейдакматов өз кесибинин профессионалы болгону менен тагдыр жолунда көөдөнүнүн жанчкан бир көйгөйү бардай өңдөнөт...

- 1971-жылдын октябрь айлары... Ира аттуу классташымдын бөлмөсүндө туулган күнүмдү өткөрүп жатып Бекин менен таанышып калгам. Көрсө, Ира экөө курсташ экен. Тагдыр экен, Бекиндин бөлмөсүндө мен дагы шартка байланыштуу 2-3 айдай жашап калдым. Ошенти,п жылдызыбыз келишип, көз карашыбыз бир болуп, жакын достордон болуп кеттик. Бир жолу бөлмөсүнө барсам Бекин жок. Атасы каза болуп айылына кеткен экен. Анан келгенде ашканага барып көңүл айттым. Бекин атасы каза болгондон кийин, тагдырдан сыноосунан сынып, өзүн мокотуп алды. Атасына өтө жакын болгондуктанбы, анын дүйнөдөн кайтышы ага катуу сокку болду. Баягы шайыр мүнөз, жашоосунда куудул Бекин кем сөз, бир башкача адамга айланды да калды.

- СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин “Кожожаш” тасмасында үн коштогон Бекин Сейдакматов экен эле...

- Анын тарыхы да кызык. Кожожаштын үн коштогонуна бир топ профессионал актёрлорго кастинг өтүп, бир дагы актёр Төлөмүш аганын купулуна толбой, анан мен Бекин досумду сунуш этсем, дароо эле ал: “Замир, койчу, ал комедиялык актёр да”, - деди. Кайра мен ага болбой эле бир байкап көрүп өкүнбөсүн түшүндүрдүм...

Ошентип, Бекиндин Кожожаштын үнүн коштоп калышына себепчимин. Себеби Кожожаштын ролуна мурунтан эле Бекинди ылайык көрүп, кийин өзүмдүн тасмамда дагы аткарган болчу. “Нөшөр” деген тасмада дагы роль аткарган, Бекиндин адамды тартып алчу бир касиети бар эле.

- Балким иштетип күчүн алгандар, наам бербей койгону дагы катаал тагдырына кедергисин тийгизгендир...

- Жок. Ал эч качан башкаларчылап алдым-жуттумду билбеген, бир бөтөнчө адам экенин мына ошол наам, материалдык байлык туурасында ойлонуп капаланчу дагы эмес. Чыныгы элдик талант эле... Азыр ойлосом, кыргыздын ич күйдүлүгү, көрө албастыгы качан бүтөт?

Биз бир келген мыкты талантты баалап-барктап албаппыз. Андан жакшы сөзүбүздү аяппыз. Тарыхта бир келчү талант эле, Бекин Сейдакматов деген ысым кайра жаралбайт. Эми Бекиндин ысымын өз убагында бааланбаган кайран талант деп гана эстей алабыз.

Динара Асылбекова, журналист

өБулак: NazarNews.kg

Последние новости