www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Афганистанда террордук уюм ДЕАШка мүчө террорист саны үч эсеге көбөйүп, 6 миңге жеткенин билдирди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Росиянын Президенти Владимир Путиндин Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов борбор шаар Москвада өткөргөн пресс жыйынында Афганистан тууралуу маалыматтарды берди. 

Афганистанда Талибан убактылуу өкмөтүнүн кыймылдарына баа берген Кабулов Талибандын өлкөнү башкаруу үчүн "бириктирүүчү" идеологиясынын жок экендигин белгиледи. 

Бир тараптан Кабулов Афганистанда учурдагы башкарууга каршы аскердик тең салмактуулукту түзө ала турган оппозиция күчүнүн жок экендигин айтты. 

Замир Кабулов Афганистандагы ДЕАШ темасына да токтолуп, аталган уюмга мүчө террористтердин саны көбөйгөнүн айтып: "Булардын саны 6 миңге чыкты. Талибандын бийликке келиши (2021-жыл 15-август) жана ДЕАШка каршы катуу кадамдарды ташташынан кийин террористтердин саны 2 миңге жакын болгон. Тактап айтканда 3 эсе өскөндүгү сөз болууда. Бул Афганистандагы терс абал. Анткени ДЕАШ террористтери мурун болгондой эле бир гана Афганистанды эмес, коңшу өлкөлөрдү да туруксуздаштырууну ыктайт. Санкциялардан улам талиптер антитеррордук күчтөрдүн согуштук мүмкүнчүлүгүн жана каржылык абалын адекваттуу колдоо үчүн жетиштүү ресурстарга ээ эмес», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости