www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров кызматтык абалынан пайдаланып,бутуна турган көпөс. Мындай пикирин журналист Замир Казакбаев билдирди.
"Акылбек Жапаров деген өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жаткан чиновник. Жеке ишкерликти билбейт, ойлоп табуучулук менен тобокелчиликти түшүнбөйт, банкрот болуп көргөн эмес. Анан албетте, өлкөнүн экономикасы элден чогулган салыктан турат, деп түшүнөт. Себеби бул киши эсептегенде, цифраны гана көрөт.
Казынага акча түшүп, пенсия,пособия, айлыктар төлөнүп жатканы гана кубандырат. Бул киши өмүрү өндүрүшкө аралашкан эмес. Соода да кылган эмес. Тек гана кызматтык абалынан пайдаланып,бутуна турган көпөс. Өлкөнүн экономикасы, өндүрүш менен соода сатыктан тураары, үч уктаса түшүнө кирбейт. Бири-бирин бактырып койгонду Апенди деле жасамак. Мамлекеттен пенсия, пособия, айлык албаган жеке ишкерлер алгандардыкын таап берип атат. Болгону ушул.
Мээңер болсо кайра ошолорду чогултуп туруп, кана, эмне жардам берели?, деп, шарт түзбөйт белеңер. Ансыз деле жумуш орундарын ошолор түзмөк, салыкты ошолор төлөмөк. Булар, асмандан акча таап келгенсишет го))) Тарыхта салык менен бутуна турган бир дагы өлкө жок. Бүгүн саагыла, эртең саагыла, канчага чейин саайсыңар? Саан уй деле байып кетет бир күнү...Силерге көз каранды болгондор эл, көзүңөрдү карабай оокатын кылгандар, душманыңарбы?
Эгер элди куура берсеңер, казына-пазынаңар менен кулайсыңар. Салык жыйнабай, экономика менен алектениш керек эле да!", - деди Казакбаев.
Булак: NazarNews.kg