www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларды ИИМ тараптан бирде пикир келишпестиктер жаралса, бирде ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевдин “балдары” карантинде “беркиндей” кыздар менен кытыглаша коёбуз деп коомчулукта талкууга калса, арадан көп өтпөй “пропуск” сатышып кылтакка түштү.

Эми ИИМдин КМК бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Замирбек Рысбеков ИИМдин короосуна таш ыргытып, өзүнүн социалдык тармагынан коомчулукка пикирин билдирди. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.
"Э.Солтонгелдиев бул билдирүүнү жаш курагы келип, ашып бирок бүгүнкү күндө иштеп жаткандарга дагы жибердиңби? Урматтуу биздин Президентибиз ар дайым МЫЙЗАМ баарыбызга бирдей деп айтып келет. Эмне бул сен жиберген билдирүү мага эле иштейби же министр буйрук бердиби? Негизи көзүңөрдү май басты! Президенттин сөзү дагы силерге баары бир болуп калган экен да. Рахмат Президентке маянаны көтөрүп берди. Убагында генерал М.Конгантиев реформа кылып системаны оңдоп, система үчүн күйүп, биринчи маянаны көтөргөн эле. Мен эс алууга чыгам шүгүр иштедим ИИМдин ичинде кадырым, өз ордум бар.

Бизде ашып кетсе 4-5% эле жаш курагы менен кетет. Жаштарга иш орунду бериш керек. Мен бөлүмдүн башчысы ордумду бердим, өз ишин кыйын билген кадрлар иштесин. Силерге ишенип болбойт дагы бир "паращютисти" дайындап коёсуңар. Резерв кадр деген азыр жок (акча тааныш) болуп калды. СКМдин кадырын дагы У.Ниязбеков чечип калган. Ошон үчүн алдыга жылбай кагаз жүзүндө реформа болуп иш жүзүндө артка кетип жатабыз. СКМ бүгүнкү күндө 100 жылдык баатыр тарыхы менен "конвой" болуп калды. Ал эми учурда ИИМдмн сүйрөлгөн, араң жан полковниги, ИИМдин ичиндеги кадр башкармалыгынын башчысы Э.Солтонгелдиев кадр маселесин талкалады», -деп жазды ИИМдин КМК бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Замирбек Рысбеков.
Булак: NazarNews.org

Последние новости