www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зардалы айылы интернетке туташтырылды

Баткен облусундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы интернетке туташтырылды. Бул тууралуу "Кыргыз Интернет Коому" уюму кабарлады. Анда бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашканы айтылат.

"Зардалыда "Кыргыз Интернет коому" алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат",-деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылы "Ошэлектр" ишканасы Зардалы электр энергиясы менен камсыз болорун билдирген. Анда 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым зым тартылары айтылган.

Баткен районунун алыскы, шарты катаал Зардалы айылына машина менен барган жол жылына төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасын бойлоп, кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости