www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Президент Сооронбай Жээнбековдун 8-февралдагы коопсуздук кеңешинин жыйынында күч катмарларынын, сот органдарынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен жолугушууда айткан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу кескин талабы сизге кандай таасир калтырды?
— Бул актуалдуу маселенин коюлушу мен үчүн күтүлгөндөй эле болду. Өлкөнүн соңку чейрек кылымдык саясий тарыхындагы туюкка капталып, өлкөдө жалпы кризистин улам күчөп жүрүп отурушундагы коррупциянын терс таасирин тийгизген кесепеттерин эске ала турган болсок, анда президент Сооронбай Шариповичтин учурда көтөргөн жана коомчулуктун талкуусуна алып чыккан маселеси абдан актуалдуу жана ар тараптуу колдоого алынууга тийиш. Ушул күндөрдө президент тарабынан коюлган кескин талаптардын коомчулук тарабынан кызуу колдоого алынышы мыйзам ченемдүү нерсе.
— Президент койгон кескин талаптарды Жогорку Кеңеш кандай кабыл алды?
— Депутаттардын басымдуу көпчүлүгү кызуу колдоого алды деп ойлойм.
— Эмне, депутаттардын басымдуу азчылыгы каршыбы?
— Криминал бар жерде каршылык болбой койбойт. Анын үстүнө соңку жылдырдагы люстрация жөнүндөгү мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңеш тарабынан четке кагылып келатышы кыргыз парламентинде криминалдын гана эмес, тамырлашкан коррупциянын орун алгандыгынын да далили эмей эмне?! Анын үстүнө президент өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөшүү милдети жүктөлгөн мамлекеттик катмарлар аталган актуалдуу багытта талаптагыдай иштей албай жаткандыгын бекеринен сынга алып жаткан жок да.
— Сын такай эле айтылып келатпайбы?
— Аныңыз, бир чети, туура. Такай ошондой болуп келди. Байкап көрсөңүз, учурда президент УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын (АКС) мүдүрү, генерал Чоткараевди кызматынан алды. Убагында президент Атамбаев да генералдан иштин натыйжасын кескин жакшыртууну, коррупциялык кылмыштардын алдын алууну талап кылган болчу. Президенттин докладында айтылгандай, АКС мектеп мугалимдери, социалдык тармактагы кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз алынган 1000 сомдун төгөрөгүндөгү “коррупциялык көрүнүштөргө” көбүрөөк көңүл бурган.Тилекке каршы, аталган жогору мартабалуу АКС жетекчиси ишеничти актай алган жок. Бул жерде дагы бир өкүнүчтүү нерсе — президент Чоткараевди өз арызынын негизинде эмес, өз милдеттерин аткаруудагы олуттуу кемчиликтери — ишке жараксыздыгы үчүн кызматтан алууга тийиш эле. АКС кызматкерлеринин натыйжасыз иштери үчүн стажына жана наамына төлөнчү чыгымдарды эске албаганда, алардын алган айлыктарын, сыйлыктарын кайра кустуруш керек болчу. Кийинкиге сабак дегендей…
— Сиз өз сөзүңүздө Жогорку Кеңешти криминал бар жер деп айттыңыз…
— Айтам. Дагы да айта алам. 500–600 миң доллар берип, мандант сатып алган бир катар депутаттар элге ак ниет кызмат кылганы келди деп ойлойсузбу? Эч качан антип ойлобойм.
— Акчага сатылган шайлоочулар — карапайым эл күнөөлүү дегени турасызбы?
— Эл, шайлоочулар күнөөлүү дегенден алысмын. Буга соңку 25 жыл ичиндеги калыптанган саясий система, коррупция төрөгөн, ак жакалуу саясий менталитет күнөөлүү. Ойлоп көрүңүзчү, айласы кеткен карапайым жумушсуз киши өз добушун бир мүшөк унга же кайдагы бир болбогон тыйынга сатууга мажбур болуп жатпайбы. Бул жерде коррупциялашкан бийликтин айынан түрдүү деңгээлдеги саясий сойкулук үстөмдүк кылууга өткөн деп айтсам болот.
— Дача-СУдагы 40тай кишинин өмүрүн алган авиа кыйроодо, Бишкек ТЭЦиндеги кырсыкта Атамбаевдин кулагы көрүндү деген пикирлерге кандай карайсыз?
— Биринчиден, бул тууралуу менде маалымат жок. Экинчиден, сиз айткан эки кырсыкты изилдөө үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан, өкмөттүн мүчөлөрүнөн турган көз каранды комиссия эмес, коомчулуктун катышуусу менен УКМК, Финпол, прокуратура тармагындагы адистерден турган, ачык иштеген комиссия иликтөөгө алыш керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат.
— Демек, буга 7-кабат, өкмөт кызыкдар…
— Мүмкүн.
— 16-февралда Казакстандагы атайын операциянын жүрүшүндө «Кыргызстан» фракциясынын депутаты, белгилүү спортсмен Дамирбек Асылбек уулу кармалды жана ири өлчөмдөгү контрабандада шектелип, зынданга салынды.
— Бул кабар ошол эле замат интернет булактары аркылуу бизге да жеткен. Казакстандын атайын кызматттары өткөргөн операциянын жүрүшүндө баш-аягы болуп кылмышка шектелген 35 киши кармалган. Алардын ичинен депутатыбыз Дамирбек Асылбек уулу баш болгон үчөөсү биздин жаран. Бул жерде белгилеп кете турган нерсе, бул ири кармоо бир күндүн же бир айдын иши эмес. Бул операциянын жыйынтыкталышы узакка созулган оперативдүү-издөө иштеринин натыйжасы деп айтууга болот. Коомчулукка белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеш жогорудагы чуулгандуу окуя боюнча билдирүү таратты. Мындан не пайда? Бул жерде Кыргыз парламентинин колунан эчтеке келбейт. Тескерисинче, УКМК менен башкы прокуратура тез арада өздөрүнүн казак кесиптештери менен байланышка чыгып, аталган трансулуттук кылмыштын Кыргызстандын аймагындагы изине түшүүгө тийиш эле.
— Демек, биздин укук коргоо органдарыбыздын демилгесиздигинен же коркоктугунан өлкөдө коррупциялык көрүнүштөр күчтөнүүдөбү?..
— Ошондой эле болуп жатат. УКМК башчысы же Башпрокурор кандай буйрук келээр экен деп, президенттин оозун карап отура бериш керекпи?
— Эки жума мурда президент коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн зарылдыгы боюнча кескин сын айтып, катуу талаптарды койду. Бул багытта иштин натыйжасын жакшыртуу боюнча кандай сунуштарды айтаар элеңиз?
— Биринчиден, жалпы коомчулук сыяктуу эле мен да айтылган жөрөлгөнү түшүнүү менен кабыл алдым. Экинчиден, президент өзү айткандай, коррупционерлерди эртеси элдин бетин карай албай тургандай ашкерелеп, коомчулукка жарыялап, катаал жазаларга тартуу керек. Үчүнчүдөн, жети баштуу ажыдаарга каршы күрөшкө жумурай-журттун кеңири катмарын тартуу керек.
Сооронбай Шариповичке тилектеш киши катары өзгөчө дагы бир пикирим бар: президент жаңыдан кызматка келген соң, буга чейин сыноодон өткөн, таза, ишеничтүү кадрлардан турган командасын алып келүүгө тийиш эле. Карап көрсөң: учурда президенттин командасында Осмон Артыкбаев, Аскар Шадиев жана башкалардан турган кечээки коррупционерлер жаңы бийликтин ишин алга жылдырып, кадыр-барк алып келеби? Булардын президент Жээнбековдун жанында жүрүүгө акысы да, моралдык укугу да жок. Өкүнүчтүү. Президенттин айланасына таза, булганбаган, мекенчил, илим-билимдүү жаш кадрлар топтолууга тийиш.
Убагында “10 процент” атка конгон миллионер Жантөрөнүн (кылмыш чөйрөсүндөгү аты “Джони”) бакыйган банкка мүдүр болуп отуруп калгандыгын кантип түшүнүүгө болот? Мен жогоруда бир нече кишинин гана аттарын айттым. Президентибиз өз командасын түзүүдө “ачка киши тоёт, ачкөз киши эч качан тойбойт” деген накыл кепти унутпоого тийиш.
— Сиз коррупциялык кылмыштарга карата катаал жаза чараларын көрүү керек деп айттыңыз. Бул жерде өлүм жазасы тууралуу айткыңыз келген жокпу?
— Ири өлчөмдөгү коррупциялык кылмыштарга, өзгөчө оор кылмыштарга неге өлүм жазасын колдонууга болбосун? Кытай баш болгон бир катар Азия өлкөлөрү, Белорустан жана башкалардан эмнебиз кем? Өлүм жазасын алып салууну бизге таңуулаган АКШнын өзүнүн эле 32 штатында өлүм жазасы, аны ишке ашыруунун чоң тажрыйбасы бар го.
Дагы бир кошумча айтып кетейин деген нерсе — коррупциялык кылмыштарды жасагандарга карата ырайым, мунапыс деген нерселерди алып салып, алар үчүн өлкөдө андайларды эркелетпей турган атайын түрмө уюштуруу керек деп эсептейм…
— ИИМдин жетекчилигиндеги көптөн бери келаткан ордо оюндарын тыюуга болобу?
— Аны тыюу Ички иштер министринин эле колундагы нерсе.
— Жакында президент Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып, тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун талабын койду…
— Негизинен президенттин талабы туура. Бирок, коррупцияга каршы күрөштү президент 6-7-кабатты, башкача айтканда, дагы кайталап айтамын — өз командасын эски жемкорлордон тазалоодон баштаса туура болчудай. Арам тамакка көнгөндөр өз башына чоң коркунуч түшмөйүнчө кылмыштуу багыттарынан кайтпастыгы талашсыз.
…20–30 сом акча алган МАИ кызматкерлерин коррупционер деп атасак, элдин күлкүсү гана келет. Коррупция деген бул — жогорку эшелондогу бийлик төбөлдөрүнүн өздөрүнүн кызмат абалдарынан пайдаланып, кылмыштуу топтор менен камыр-жумур болуп элге, мамлекетке кылган кыянаттыгы эмеспи. Муну президентибиз эске алса деген тилегим бар.
Учурда чет өлкөдөн мыкты окуп келген, таза — хансарайдагы булганыч ишке аралаша элек жаштарыбыз көбөйүүдө. Президент өз жанына ушундайларды тартууга тийиш.
— Генерал мырза, сизди президент чакырып, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн талаптарына ылайык Ички иштер министрлигин кайрадан жетектеп бериңиз десе, макул болоор белеңиз?
— Жок, макул болмок эмесмин. Биринчиден, жаш курагым — ден соолугум жол бербейт. Экинчиден, министрлик мен басып өткөн жол, артка кайткым келбейт. Бирок, милициянын патриоту катарында министрликтин жетекчилигине моралдык колдоо көрсөтүп дегендей, өз тажрыйбамдын негизинде кеп-кеңешим, өз тажрыйбамды бөлүшүү менен жардам берүүгө даярмын.
— Акыркы суроо: президент Жээнбековго айтар кандай сунушуңуз, кеп-кеңешиңиз бар?
— Биринчиден, өзүнө чейинки президенттерден айырмаланып, коррупцияга каршы чечкиндүү, реалдуу күрөш баштагандыгы үчүн Сооронбай Шариповичке ыраазылык билдиремин. Ал 8-февралдагы сөзүндө “коррупцияга каршы күрөштүн башында өзүм турамын” деп айтты. Демек, мекендештерибиз чоочубай, бул багытта президент Жээнбеков менен бир катарга кошулса болот. Себеби, коррупциялык кылмыштар жогорку деңгээлдеги көзөмөлгө алынса, мурдакыдай болуп орто жолдо калбай, кылмыш иштери сотко чейин жеткирилет.
Экинчиден, учурда кошуна мамлекеттер: Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда, ошондой эле Россияда да, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлүүдө. Аталган өлкөлөрдө, жумурай журт көрүп-билип тургандай, аталган багыттагы аракеттердин натыйжасында миллионерлер, миллиардерлер, вице-премьерлер, министрлер, губернаторлор жана жогору мартабалуу чиновниктер кармалып, президенттин гана эмес, коомчулуктун да көзөмөлүнө алынып, тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Дүйнөлүк практика, тажрыйба деген ушул болот.
Же болбосо, алыс барбай, кошуна Өзбекстанды эле алалычы: президент Мирзиёев күч түзүмдөрүн, көзөмөл органдарын чечкиндүүлүк менен тазалоодо: мамлекеттик кызматтын атын жамынып алып, элге, коомго кыянат кылгандардын генералдык погондорун жулуп, кылмыш жоопкерчилигине тарттырууда. Күтүлгөндөй эле эл колдоого алууда. Бизде да бул багытта иштердин реалдуу башталгандыгы кубандырат жана президенттин мындай тагдыр чечүүчү саамалыктарын эл колдоого алат деп ишенемин.
Аңгемелешкен Номанжан АРКАБАЕВ
Булак: "Жаңы Ордо"