www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ленин районуна караштуу 84-орто мектепке Өзүбек-ажы Чотонов келип, «Никеге чейинки сүйүү болбойт» деген даават өткөрүп кеткен. Бул тууралуу Самара Босумбаева өздүк баракчасына жазып чыкты. Анан - өзүнүн төрт аялы бар экендигин жана дагы бирөөнү издеп жаткандыгын мактаныч кылып саймедирептир...
«Келин деген - кул, ал эч кандай өздүк пикирге ээ болбошу керек, ким мени менен ажылдашып айтышса 300- сом берем» деген сөзүн айтып, «ажылдашкан» кээ бир окуучуларга «ажылдаганың» үчүн деп 200-300 сомдон бериптир... Мен мектептерде мындай маанидеги дааваттын өтүшүнө каршымын! Өзүбек-ажы бул өңдүү бузуку саясатын жүргүзбөсүн!
Мектеп окуучуларына 4 аялы бар экендигин жана дагы кийинкисин издеп жаткандыгын айтуунун зарылчылыгы бар беле? Мындай, балдардын аң-сезимин бузуп, моралдык туюмуна доо кетире турган дааваттар биздей светтик делинген өлкөлөрдүн мектептеринде качантан бери өтүп калган?
Дегеле КР мыйзамында, 4 аял алуу укугу барбы? Албетте жок! Эмне себептен мектеп жетекчилиги мындай бузуку жолугушууларга жол берет? Угуп алып түтөп отурам... Бул көрүнүшкө билим берүү министри кандай чара колдонот, күтө туралы.
Булак: NazarNews.kg