www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик думанын вице-спикери Петр Толстой Орусияда иштеп жүргөн өзбекстандык жана тажикстандык мигранттардын эсебинен алардын мекенинде орус тилдүү мектептерди курууну сунуштады.

Бул тууралуу ал 14-ноябрда орус тилин сактоо жана өнүктүрүүгө арналган Федерациялар кеңешиндеги парламенттик угуулар учурунда билдирди.

"Орус тили мурдагы союздук өлкөлөрдүн бардыгынын аймагында улуттар аралык сүйлөшүүнүн тили болушу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Орусияда мигранттарга карата пассивдүү мамиле бар", – деген ал.

Толстой мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө орус мектептеринин системасын өнүктүрүү керектигин, анткени бүгүнкү күндө бул тил Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын аймагында гана улуттар аралык байланыш тили катары колдонулуп калганын айтты.

"Ал эми Армения, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө мындай көрүнүш жок. Бул өлкөлөрдө 90-жылдары талкаланган советтик интеграция системасын өнүктүрүү жана орус тилдүү мектептерди куруу биздин эмес, аталган өлкөлөрдүн, ал жактан келген мигранттар жөнөткөн акчанын эсебинен болушу керек", – деген Толстой.

Мамдуманын вице-спикеринин бул билдирүүсүнө Өзбекстан Олий Мажлисинин депутаты, "Юксалиш" коомдук кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов жооп берди.

"Өзбекстан – депутат Петр Толстойдун жеке бакчасы эмес. Ал өз өлкөсүнүн, өз жарандарынын маселеси менен алектенсин. Өзбекстанда орус тили эркин сүйлөшүүнүн тили болуп эсептелет. Биз союздаш өлкө макамына туура келебиз, а Толстой андай эмес", – деди Бекмуродов.

Петр Толстойдун сунушуна Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, "Улуттук кайра жаралуу" партиясынын лидери Алишер Кадыров да реакциясын билдирди.

"Вице-спикер Толстойго жооп кылып балким өзбек тилин билбеген кызматкерлерди иштен алууну сунуштайбыз? Биз башка жол менен барып, аларга өзбек тилин үйрөтөбүз. Анан силер өз алдынча иштегенди үйрөнөсүңөр. Бул орус тилине болгон чыныгы сый-урматты жаратышы мүмкүн", – деди Кадыров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости