www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкен жана Фергана облустарында өзбек бажычылары мыйзамсыз курал-жарак жана ок-дары алып өтүүнү көздөгөндөрдү колго түшүрүштү. Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитети билдирет, бирок окуя качан болгонун тактабайт..

Маалыматка караганда, Казакстан менен чек ара өтмөгүндө менчик машинеден бир тапанча, газ тапанчасы жана пневматикалык куралдын октору табылган. Дагы бир бажы бекетинде текшерилген автоунаада пневматикалык тапанча менен 243 даана ок-дары катылган болуп чыкты.

Фергана аэропортунда жүргүнчүнүн жүгүндө аңчылык үчүн эки мылтык табылганы айтылды. Учурда бардык бул фактылар териштирилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости