www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына тез жардам кызматынын автоунаасы менен бейтаптар жеткирилбей жатканын шаардыктар айтып чыгышты.

Бул оорукана Бишкек травматологиялык жана илимийизилдөө борбору жоюлгандан кийин ордуна түзүлгөн. Жарандар АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, травматологиялык дарттан жабыркаган жарандардын баары травматология бөлүмү ачылган Улуттук госпиталга жеткирилип жатат. «Тез жардам кызматынын диспетчерлери Бишкек травматологиялык жана илимийизилдөө борбору жабылды деп айтып жатышат», - деди жарандар.

Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, учурда травматологиялык оору менен кайрылгандар аз. «Бүгүн Улуттук госпиталга бир гана бейтап жаткырылды.

Ооруканага жайгаштыруу маселеси жок. Кандайдыр бир чагымчылдык болуп жатат окшойт. Тез жардам кызматы өз ишин жүргүзүп жатат», - деди башкы дарыгер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости