www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көп тармактуу балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу активист Умай Арыкова өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
Президент видать ревизию проводит с Аконитом. pic.twitter.com/TpEw4a6XhQ
— Umay Ar (@umay__fm) February 8, 2022
Ал эми мамлекет башчынын басма сөз кызматы жолугушуу болгонун тастыктап, бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин маалымдашты.
Белгилей кетсек, буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат каражаттарынын бирине өлкө башчысы менен жолугуп, Тез жардам клиникалык ооруканасына башкы дарыгер кылып Замир Дүйшөновду дайындаганын жана ага тапшырмалар берилгенин айткан.
Эске салсак, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун трансформациялоо жана директор Сабырбек Жумабековду кызматтан алуу боюнча нааразычылыктар чыккан. Министр менен Жумабеков бири-биринин айткандарын жалган деп баалап келишет.
Булак: NazarNews.kg