www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Орусия жана Франциянын президенттери Владимир Путин менен Эммануэль Макрондун беш сааттан ашык убакытка созулган сүйлөшүүсү аяктады.

Лидерлер, негизинен, Украинанын айланасындагы кырдаал жана Москванын коопсуздук кепилдиги тууралуу НАТОго койгон талабы жөнүндө сөз кылышты.

Путин бул жолугушууну пайдалуу жана маңыздуу деп атап, Макрондун айрым идеялары кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча мындан аркы жасала турган биргелешкен кадамдардын негизи болушу мүмкүн экенин белгиледи. Лидерлер француз президентинин 8-февралга белгиленген Киевге сапарынан кийин телефон аркылуу сүйлөшүүнү макулдашты.

Путин Украинанын НАТОго кошулуусу келечекте Европада толук масштабдуу согушка алып келиши мүмкүн экенин бир нече жолу белгиледи. Орус президентинин айтымында, Түндүк атлантикалык биримдик Москваны каршылаш катары көрөт. Мындан улам Украинанын НАТОго кошулуусу жана Крым жарым аралын кайтарып алуу боюнча аракеттери автоматтык түрдө Европа өлкөлөрүн Орусия менен аскердик жаңжалга барууга түртөт.

Путин Москва "бардык тарапка туура келе турган мунапысты табууга болгон аракетин көрөрүн" белгиледи.

Өз кезегинде Франциянын президенти Путиндин айрым бир маселелер боюнча позициясы Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүкүнөн айырмалана турганын билдирди. Макрон НАТОнун "ачык эшик" саясатын уюм үчүн зарыл деп эсептейт. Анын айтымында, Европада коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүүдө — ар бир өлкөнүн НАТОго мүчө болуу укугун эске албай коюуга болбойт. Мындан тышкары коопсуздуктун жаңы кепилдиктери боюнча иштер буга чейинки макулдашуулар сакталбаган шартта жүрүшү мүмкүн эмес.

Макрон жолугушуунун жүрүшүндө Орусия менен Батыштын жаңы согуштук аракеттерге барбоо убадасы, ошондой эле жаңы стратегиялык диалогду баштоо жана Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу иштерин калыбына келтирүү боюнча аракеттерди улантуу маселелери да талкууланганын айтты.

Макрон акыркы бир жуманын ичинде Путин менен Украинанын айланасындагы кырдаал жана Орусиянын коопсуздук кепилдиги тууралуу талаптары боюнча үч жолу телефондо сүйлөштү. Бүгүн анын Киевге сапары белгиленген.

Күн мурун Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШга барган. Ал кийинки жумада Киевге жана Москвага келет деп күтүлүүдө.

Франция менен Германия Орусия менен Украина сыяктуу эле Донбасстагы кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салуу талкууланып жаткан "норманд форматындагы" жолугушуулардын катышуучусу болуп эсептелет жана Минск келишимине кол коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости