www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү энергетикалык базарына кошулуу мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир нече күн мурда ЕАЭБдин энергетикалык департаменти Өзбекстандын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү үчүн жалпы энергетикалык базардын келечеги тууралуу презентация өткөргөн. Анын жүрүшүндө тараптар интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана Өзбекстандын энергобазарга кошулуусундагы терс кесепеттерди минималдаштыруу боюнча иштерди улантуу тууралуу макулдашкан.

Өзбекстан 2020-жылы декабрда ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары кирген. Бүгүнкү күндө бул уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия толук кандуу мүчө.

Өзбекстандын энергетикалык системасы Советтер Союзу тушунда түзүлгөн Борбор Азиянын энергошакекчесинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Ага Өзбекстандан тышкары ЕАЭБге мүчө Кыргызстан менен Казакстан да кирет.

Быйыл 25-январда Борбор Азия энергошакекчесинде авария болуп, анын кесепетинен Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын бир катар аймактары жарыксыз калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости