www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК башчысын кызматтан кетирүүгө кол топтогондор кимдер?

Соцтармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен ИИМ министри Улан Ниязбековду кызматтан кетирүү боюнча кол топтоо башталганы белгилүү болду. Учурда ага он чакты жаран кол койду. Петициядагы кол койгондордун катарын караганда биринчи эле көзгө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү көрүнөт.

Кыргызстанда жок жорукту баштап, гейпарад өткөргөндөр, ориентациясы өзгөчө адамдардын укугун коргогондор. Ушул жерден эле сөздү токтотуп койсо да болот, анткени, калганы түшүнүктүү...

Камчыбек Ташиевге каршы болгондор көп жана алар эчактан бери аны кызматтан кетирүүнү каалап келишет. Ар бир ыңгайлуу учурду куру кетирбей, УКМК башчысынын дарегине ачуу сындарын айтышат.

Ал турмак, одоно айтканда, бирөөнүн ичи ооруса дагы аны Ташиевдин атына байланыштырып, күнөөлүүнү УКМКдан издешчү болду. Бул биринчи кезекте, Камчыбек Ташиевдин бир жылдан бери үзүрлүү аткарып жаткан ишине - коррупцияга каршы күрөшүнө байланыштуу экени келесоого да маалым.

Нечен жылдан бери укурукка илинбей келген коррупционерлерди жоопкерчиликке тартып, анын негизинде мамлекеттин казынасын толтурууга салымын кошту. Бул албетте, Кыргызстанды жыландын уюгундай кылып ороп алган коррупционерлерге жаккан жок.

Ал эми бейөкмөтчүлөрдүн миссиясы ушул - тынч жашоо бербеш керек. Кандай болсо да коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүп, улам бир жерден жаңжалдын башын кылтыйтып турууга тапшырма алышкан.

Айрым эксперттер Батыш Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди бийликтен кетирүүнү көздөп жатканын аргументтер менен келтиришкен. Ага таянсак, бейөкмөтчүлөр Батыштыкы, ал эми биз сөз кылып жаткан петиция бейөкмөтчүлөрдүкү - табышмактын жандырмагы оңой эле табылат.

Ушундан улам бир суроо туулат - мекен бийикпи же акчабы?

Булак: Факт.кж

Последние новости