www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Financial Times гезити француз булактарына таянып, Орусия менен Франциянын президенттеринин сүйлөшүүсүн Украинанын айланасындагы чыңалууну жөнгө салууга жасалган кадам катары баалады.

Басылма белгилегендей, Москва лидерлердин Кремлдеги жолугушуусунан кийин «деэскалацияга багыт алды».

«Франциянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы аскерий демилгелерди көтөрбөө жана орусиялык аскерлерди жайгаштыруу боюнча кеңири диалог жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди», - деп айтылат материалда.

FT гезити келишимде орусиялык аскерлердин Биримдиктин алкагында биргелешкен машыгуулар өтүп жаткан Беларустан чыгарылып кетүүсү камтылган имиш деп жазат.

Сүйлөшүүлөр «жамааттык коопсуздук боюнча түзүмдүк диалогго» карай кадам болору белгиленген. Ошол эле учурда басылма Путин менен Макрон биргелешкен пресс-конференцияда бул талкуулар тууралуу сөз кылбаганын ырастайт.

Белгилей кетсек, Кремлде саясатчылардын сүйлөшүүсү дүйшөмбү күнү, 7-февралда башталып, беш сааттан бир аз ашык убакытка созулду. Путин Макрон менен жолугушуунун иштиктүү түрдө өткөнүн, маңыздуу жана пайдалуу болгонун айтты.

Орус лидеринин айтымында, Батыш Москванын коопсуздук кепилдиги боюнча борбордук тынчсыздануусун этибарга алган жок.

Ал ошондой эле француз кесиптеши менен НАТОну кеңейтпөө маселелерин жана Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкуулаганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости