www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларуска жаңы келген өзбекстандык эмгек мигранттарынын айтымында, өлкө бийлиги аларды калкы азайып, ээн калган айылдар менен тааныштырып, арзан баада турак жай сатып алууну сунуштап жатат.
Мигранттардын айтымында, айрым кароосуз калган үйлөрдүн баасы болгону 20 АКШ долларын түзөт. Алардын белгилешинче, мындай сунуштардын максаты – калкы азайган айылдарды кайра жандандыруу жана ал жактарга жаңы жашоочуларды тартуу.
Ошондой эле алардын айтымында, жаңы келген мигранттарга аймактар көрсөтүлүп, туруктуу жашап жана иштөөгө кызыкдар болгондор үчүн турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлүүдө.
Бул маалымат азырынча жеринде жүргөн мигранттардын айткандарына негизделет. Беларусь бийлиги тарабынан бул боюнча расмий маалымат жарыялана элек.
Акыркы жылдары Беларусь калкынын саны азайып, көптөгөн айылдарда үйлөр бош калган. Бийлик мындай калктуу конуштарды сактап калуу үчүн арзан турак жай сунуштоо сыяктуу ар кандай программаларды ишке ашырып келет.
Эске сала кетсек, буга чейин Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө эмгектене турган өзбекстандык жарандар үчүн турак жай курулуп, алардын үй-бүлөлөрүнө беларус жарандары менен бирдей шарттар түзүлөрүн билдирген.
Анын айтымында, жаңы турак жайлар адамдар үчүн курулат жана өзбекстандык жарандар менен беларус жарандарынын ортосунда эч кандай айырмачылык болбойт.
«Эгер алар иштесе, алардын балдары беларус жарандарынын балдары сыяктуу эле бала бакчага, мектепке бара алышат. Жогорку окуу жайларына кабыл алуу да жалпы негизде, сынак аркылуу жүргүзүлөт», – деген Лукашенко.