www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти өлкөнүн коргонуу секторун кеңири модернизациялоого багытталган чараларды бекитти. Анын алкагында абадан коргонуу күчтөрүнө жаңы система киргизилип, аскердик авиация бөлүктөрү кайра түзүлөт.
Мындан тышкары, Өзбекстан аскердик медицина тармагында Түркия менен кызматташууну кеңейтүүнү пландап жатат.
Аскерге чакырылуучулардын эсеби толугу менен санарип форматка өткөрүлөт. Ошондой эле коргонуу мекемелеринин жарандык кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылат.
Бийлик аскер кызматкерлеринин социалдык колдоосуна да өзгөчө көңүл бурат. Тактап айтканда, Ташкент жана Самарканд шаарларында кызмат өтөп жаткан аскерлер үчүн турак жай ижарасына төлөнүүчү компенсациялар кыйла көбөйтүлөт.