www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан менен Казакстан өз-ара темир жол каттамдары кайра жанданганын жарыялашты. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат булактары билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи рейс 1-апрелде Нукус – Бейнеу – Нукус каттамы боюнча ишке ашат.
«Өзбекстан темир жолу» ишканасынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын март айында коронавирустук пандемиядан улам дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин каттамдары токтотулган. Эки жылдык чектөөлөрдөн кийин бир катар поезд жүргүнчүлөрү үчүн чек араларды акырындык менен ачуу аракетин көрүштү.
«Өзбекстан темир жолу» жана «Казакстан темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен макулдашуу боюнча быйыл Казакстанга алгачкы жүргүнчү поезди каттайт. 2022-жылдын 1-апрелинен тарта 647/648 Нукус – Бейнеу – Нукус поезд каттамы ишке кирет.
"Бул поезд Нукус станциясынан жуманын шейшемби, жума жана жекшемби күндөрү жана Бейнеу станциясынан дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү чыгат. Башка кошуна мамлекеттер менен темир жол каттамдарын реабилитациялоо тараптардын макулдашуусуна ылайык акырындык менен ачылат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Өзбекстан менен Казакстан мамлекеттер аралык биринчи техникалык автобус каттамын ишке киргизген.
Булак: NazarNews.kg