www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Республикасынын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги Орусиядагы Миграция департаментинде мигранттын сабалышы боюнча окуяга комментарий берди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Москвадагы Башкы консулдугу менен биргеликте буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодо тартылган жарандын өздүгү такталган. Видеодо Миграция департаментинин кызматкери иш кагаздарын жүргүзүү учурунда мигранттын курсагын чыканактап, түртүп жатканын көрүүгө болот.
Окуя 28-июнда Воронеждеги миграциялык борбордун имаратында видеого түшүп калган. Өзбекстандын жараны М.И. видеого тартып, 1-июлда Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктин Воронеж шаарындагы өкүлүнө өткөрүп берген.
Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин маалыматына караганда, 4-июль күнү миграция кызматынын кызматкери күч колдонгон жаран менен жолугушуу уюштурулган.
А.Г. аттуу жаран 2022-жылдын 1-июнунда Воронежге иштөө үчүн келгенин айткан. 28-июнда Миграция борборунда манжа изин алуу учурунда документтерди тариздөө учурунда кызматкер ага күч колдонгон. Мигрант бул окуядан кийин ден соолугуна эч кандай дооматы жок экенин белгилеген.
«Бул окуя тыкыр иликтенип, кошумча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлдү», - деп билдиришти мекемеден.
Булак: NazarNews.kg