www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин Ооганстандан качып чыккан мурдагы аткаминерлер менен аскер адамдары Өзбекстанга таштап кеткен аскердик авиатехникалар Кабулга кайтарылып берилбейт.

Бул тууралуу "Америка үнү" радиосуна берген маегинде Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев билдирди.

Анын айтымында, аталган авиатехникалар АКШ өкмөтүнүн менчиги болуп эсептелет. "Ооганстандын мурдагы өкмөтүн АКШ каржылаган. Андыктан ал авиатехникаларды эмне кылуу керектиги Вашингтондун чечимине жараша болот. Биз азыр аларды АКШ менен болгон макулдашуунун негизинде сактап турабыз жана бул жөнүндө "Талибанга" маалымат бердик", - деди Иргашев.

Быйыл январда "Талибан" Өзбекстан менен Тажикстандан Кабулдун мурдагы расмий адамдары бул өлкөлөргө таштап кеткен 40 тик учакты кайтарып берүүнү талап кылган. Анда талибдердин Коргоо министрлигинин өкүлү Иноятулла Хорезми алар ага чейин да тик учактарды Ооганстандагы азыркы өкмөткө кайтаруу өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийликтерине бир нече жолу кайрылышканын айткан.

Кеп Өзбекстанга качып келген ооган аскерлери калтырып кеткен 22 учак жана 24 тик учак жөнүндө болууда. Мындан тышкары алар дагы 18 авиатехниканы Тажикстанга калтырып кетишкен.

АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын да, Тажикстандын да учактар менен тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин ырастады. Анын айтымында, Вашингтон ал өлкөлөрдөгү аскердик техникаларды эмне кылуу керектиги боюнча акыркы чечим кабыл ала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости