www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Инновациялык өнүктүрүү министрлиги улуттук мессенджер жана социалдык тармак түзүү боюнча стартап-долбоорлорго сынак жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

Сынакка билдирмелер 1-октябрга чейин кабыл алына турганы айтылат. Бардык долбоорлор өздүк иштеп чыгууларга жана инновацияларга негизделиши керектиги, долбоордун мөөнөтү 1 жылдан ашпоого тийиш экени белгиленет.

Былтыр Өзбекстандын бийлиги IT боюнча дөө-шаалардан маалыматтар топтомун алардын аймагына которуу талабын койгон. Тизмеге Facebook Inc Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, TikTok, Twitter, Yandex кирген. Бул компанияларга Өзбекстандын мыйзамдарын сактоону талап кылган кат жөнөтүлгөн.

Андан мурун Өзбекстандын президенти "Жеке маалыматтар боюнча" мыйзамга түзөтүү киргизген документке кол койгон. Бардык чет элдик интернет-ресурстар Өзбекстандын аймагында ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүү үчүн анын жарандары боюнча маалыматты аталган мамлекеттин аймагында сакташы керектиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости