www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош аэропортундагы такси айдоочуларына байланыштуу маселелерди айтып чыккан журналист Шохрух Саипов өз дарегине коркутуулар болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. "Менин соцтармактагы билдирүүлөрүмдүн алдына ачык эле коркутууларды жазып жатышат. Тааныштарымдан мен жөнүндө маалыматтарды сураган учурлар да болуптур. Андан сырткары көчөдө түшүнүксүз тоскоолдуктар болду", - деди Саипов.

Ал коркутуулар боюнча милицияга арыз жазууга камынып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Шохрух Саипов Орусиядан "Ош" эл аралык аба майданына учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканын айтып чыккан эле. Кийин бул маселе боюнча президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жыйын өткөрүп, маселени чечүүнү тапшырган. Мындан соң аэропортто иштеген 105 таксист милицияга суракка чакырылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости