www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Октябрь районунда таштандынын топтолуп калган себебин түшүндүрдү. Эске салсак, буга чейин шаар тургундары ордо калаа таштандыга толуп кеткенин айтып, сүрөттөрүн жарыялаган.

"Учурда Октябрь районунун аймагында 194 контейнер аянтчасы жайгашып, 1 600 таштанды контейнери орнотулган. Октябрь администрациясы менен "Комтранском" компаниясынын ортосундагы келишимге ылайык, таштандылар бир суткада бир жолу чыгарылууга тийиш. Октябрь районунун жашоочуларынын саны жана таштандылардын көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу техниканын жетишсиздиги жана графиктин бузулушу байкалууда. Ушул себептен таштанды топтолуп калган", — деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиковдун жетекчилиги астында Октябрь районунда штабдын жыйыны болуп, ага "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Касымов жана анын орун басары Марат Алдашүкүров катышкан.

Октябрь администрациясы таштандыларды чыгаруу үчүн "Тазалык" муниципалитетине кайрылганы айтылды. Ошондой эле жергиликтүү аймактык башкармалыктын кызматкерлерине үч сааттын ичинде аймакты үймө-үй кыдырып, үйүлгөн акыр-чикирди аныктоо тапшырмасы берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости