www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада кыргыз жарандарынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну агызып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган К. уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К. аттуу Кыргызстандын эки жараны каза болгон.
Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.
Окуя болгон жерге Кыргызстандын эчилигинин юристи барды, элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө.
Эскерте Москвада канализацияда суу агызып кеткен кыргызстандыктардын сөөгү табылган.
Булак: NazarNews.kg