www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-августтан баштап Орусия менен Тажикстан арасында жүргүнчү поезддер каттай баштайт. Эки өлкө ортосундагы темир жол байланышы 2020-жылы март айында коронавирус пандесиясы башталганда үзүлгөн.

Темир жол билеттеринин баасы азырынча аныктала элек.

Тажикстандын транспорт министри Азиз Иброхимдин билдиришинче, 16-августтан баштап Куляб-Волгоград багыты боюнча поезд каттай баштайт. Жүргүнчүлөр 72 саат жол жүрөт. Хожент-Волгоград- Хожент багыты боюнча поезд каттамдары 7-сентябрдан тарта башталат.

Орусиянын Волгоград шаары Москвадан 980 чакырым аралыкта жайгашкан. Тажикстандын шаарларынан чыккан жүргүнчү поезди Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт.

Айрым булактардын билдиришинче, билеттин баасы 1400 сомониден (150 доллардын тегереги) башталат, бирок бул боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости