www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16 жаштагы өспүрүм өз апасын өлтүрдү

Ташкент облусунда 16 жаштагы өспүрүм тааныштары менен бирге өз апасын өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 31-июль күнү кечинде саат 9дарда болгон. Мекемеден адам өлтүрүү фактысы кайсыл райондо катталганын так билдиришкен жок.

Тергөөнүн версиясы боюнча өспүрүм мындай кадамга үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам барган. Бул үчүн ал тааныштарынан жардам сурап, алар менен бирге апасын өлтүргөндөн кийин сөөгүн үйдүн жер төлөөсүнө көмүп коюшкан.

Шектүүлөр кармалып, бул факты боюнча "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости