www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот сурхандарыялык блогер Отабек Сатторинин жазасын жеңилдетип, эркиндикке чыгарды. Жазанын өтөлө элек бөлүгү түзөтүү жумуштарына алмаштырылды.

Бул тууралуу Кашкадарыя облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Блогер 2021-жылдын май айында соттолгон, кийинчерээк чечимди даттануу аракети натыйжа берген эмес – апелляциялык инстанция жана Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Декабрь айында Саттори жалпы режимдеги колониядан жатак абакка которулган. Мыйзамга ылайык, ал жакка жаза мөөнөтүнүн үчтөн биринен кем эмес бөлүгүн өтөп, оңолуу жолуна түшкөндөр которулат.

5-февралда Карши райондук кылмыш соту Сатторинин жазаны жеңилдетүү боюнча өтүнүчүн карап, аны канааттандырды.

41 жаштагы Отабек Саттори 2021-жылы майда Сурхандарыя облусундагы Музрабат райондук сотунун чечими менен 6,5 жылга соттолгон. Ал "Опузалап акча талап кылуу" жана "Жалаа жабуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Саттори акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну өтүнгөн.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу "Эл пикири" деген видеоблог алып барган Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 2021-жылы январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган.

Эл аралык уюмдар Сатторинин соттолушун Өзбекстандагы "сөз эркиндигине жасалган сокку" деп мүнөздөшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости