www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нурафшан шаарында келечек технологиялары борборунун курулушуна старт берди. Долбоордун жалпы баасы 500 млн долларды түзүп, ал билим берүү, илимий изилдөө жана өндүрүштү бириктирген инновациялык борбор болот.
Ошондой эле жалпы наркы 465 млн доллар болгон дагы тогуз ири долбоордун курулушу башталды. Аларды Орусия, Кытай жана Германиянын компаниялары ишке ашырууда.
Иш сапарынын алкагында Мирзиёев атайын техника чыгаруучу заводдун иши менен таанышып, өндүрүштү кеңейтүү үчүн Ташкентте жаңы ишкана куруу пландалып жатканын билдирди.