www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 15-октябрда Каршы шаарындагы жатак абактан "Зордуктоо" беренеси менен соттолгон адам качып кеткенин ырастады.

17-октябрда ИИМдин Коомдук коопсуздук департаменти абактан качкан адам 15-октябрь күнү кечинде эле кайра кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 2015-жылы 14 жашка чыга элек өспүрүмдү зордуктоо айыбы менен 15 жылга соттолуп, 2020-жылы жатак абакка которулган.

Соттолуучунун бул аракетине укуктук баа берилгенден кийин калган жаза мөөнөтүн өтөөсү үчүн аны кайрадан жабык режимдеги абакка которуу маселеси каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости