www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын «Навои» бажы бекетинин кызматкерлери алтын жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып чыгуу аракеттерин токтотушту.
Жергиликтүү маалыматтарга ылайык, чек арадан өтүүгө аракет кылган аялдардын бири жалпы салмагы болжол менен 200 грамм болгон эки алтын куймасын эмчектеги баланын жалаягына жашырып алып өтүүгө аракет кылган. Ошондой эле андан бажы декларациясында көрсөтүлбөгөн 70 граммдык алтын зер буюмдар да табылган.
Алынган алтын буюмдардын жалпы баасы алдын ала эсеп боюнча 450 млн сумга бааланууда.
Дагы бир учурда коңшу мамлекеттин жараны 40 миң АКШ долларын 14 жаштагы кызынын кийиминин алдына жашырып алып чыгууга аракет кылган. Каражат бажы көзөмөлү учурунда аныкталган.
Учурда эки факт боюнча тең бажы органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.