www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда блогер Мурад Максудов 7,5 жылга соттолду

4-июнда Ташкенттин Яшнабад райондук кылмыш соту блогер Мурад Максудовду жалпы режимдеги колонияга 7,5 жылга кести. Бул тууралуу Ташкент сотунун басма сөз кызматы билдирди.

42 жаштагы Мурад Максудовго Кылмыш-жаза кодексинин «Жалаа жабуу», «Ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу» жана «Уурдоо же чыгымга учуратуу» беренелери менен айып тагылган.

Ошол эле учурда сот Мурад Максудовду «Алдын ала кутум менен топ адам жасаган алдамчылык» беренеси боюнча актады.

«Эзгулик» укук коргоо коомунун жетекчиси Абдурахман Ташанов сот жараяны жабык өткөнүн билдирди.

Максудов 2023-жылы октябрда камакка алынган. Анда кармоого насыяны төлөөнү кечеңдеткени себеп болгон, бирок блоггер банк менен маселеси чечилгенин айткан.

Максудов мурда ички иштер органдарында иштеген, ошондой эле «Эзгулик» коомунда укук коргоочу болгон. Ал өзүнүн блогерлик ишмердүүлүгүнүн алкагында айрым мурдагы кесиптештери кылмышка, тагыраак айтканда, аял зордуктоого катыштыгы болушу мүмкүндүгүн чагылдырып, курулуш компанияларына берилип кеткен жерлерде жашаган тургундарды үйлөрүнөн мажбурлап чыгаруу көйгөйүн көтөргөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости