www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда үй-бүлөлүк жаңжалдын узакка созулган кесепетинен улам үрөй учурган кылмыш катталды, деп жазат Millar басылмасы.

Маалыматтарга караганда, кайын эне менен келиндин ортосундагы чыңалуу көптөн бери уланып келген. Кары аял уулуна болгон кызганычынан улам экөөнүн ортосунда ар дайым уруш чыгып турган. Трагедия келин манты жасап жаткан күнү болгон.

Кезектеги уруш учурунда келин чыдабай, ачуусуна алдырган бойдон кайын энесине бычак менен өлүм жараатын келтирген. Андан соң анын денесин бөлүп, бөлүктөрүн бакчага көмүп салган.

Болгон окуяны билген күйөөсү аялын токтотууга аракет кылганда, келин аны да өлтүргөн.

Изин жашыруу максатында ал мантыны бышырып бүтүп, кошуналарга таратып чыккан. Бул үрөй учурган окуя коомчулукта чоң талкуу жаратты.

Көп өтпөй кылмыш ачылып, сот келинди 12 жыл 3 айга эркинен ажыратты.

Последние новости