www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда эки же андан көп аял менен жашоону пропагандалаган жана эркектер менен аялдар бирдей укуктарга ээ экенин ачык четке каккан адамдар административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу өзбек парламентинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, тиешелүү мыйзам долбоорун Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары жактырган.

Документте мындан тышкары улутуна, расасына жана динине карап жарандын артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоо үчүн да жоопкерчилик киргизүү каралган. Ошондой эле никесин мыйзамдык тартипте каттабаган жуптарга нике кыйгандарды жана коомдук жайларда инсанды таанууга тоскоолдук кылган кийимдерди кийгендерди да административдик жазага тартуу сунушу жазылган. Бирок долбоордо бул аракеттер үчүн кандай административдик жоопкерчилик киргизилери так жазылган эмес.

Төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы документте көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары Франция, Австрия, Дания, Бельгия, Болгария, Швейцария, Түркия, Марокко, Казакстан, Индия жана Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы улуттар аралык ынтымакты мындан да бекемдөөгө, диний толеранттуулукка жана аялдар менен балдардын укуктарынын ишенимдүү корголушуна шарт түзөрүн белгилешти.

Төмөнкү палатанын депутаттары экинчи окууда кабыл алган мыйзам долбоору эми Сенат жактырып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости