www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде КР Тышкы иштер министрилигинин 80 жылдыгына жана элчиликтин ишмердүүлүгүнүн тарыхына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, көргөзмөгө элчиликтин архивдик сүрөттөрү, элчиликте иштеп кеткен жана конок болуп кеткен атактуу инсандардын сейрек сүрөттөрү көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмөнүн алкагында элчи Муса Жаманбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигинин түптөлүшү, тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө иш чаранын катышуучуларына баяндама жасап, элчиликтин тарыхы жана иш аракеттери менен тааныштырды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2023-жылдын 25-27 сентябрындагы Өзбекстага болгон расмий иш сапарынында убада кылынган Өзбекстандагы кыргыз маданий борборуна арналган Жогорку Кеңештин атынан кыргыз боз үйүн жана 102 даана комузун тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун өкүлдөрү, ошол жакта жашап жаткан этникалык кыргыздар жана Ташкент шаарында иштеген мекендештер катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости