www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июлда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Ю Цзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Элчилер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун да талкуулашты. Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Муса Жаманбаев менен Ю Цзюнь "Борбордук Азия – Кытай" мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин жыйынтыгында өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызмат кылган форматты белгилей кетишти. 

Элчи Жаманбаев элчи Ю Цзюнду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, бардык пландардын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

Белгилей кетсек, Ю Цзюнь июль айынын башында Кытайдын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости