www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандан Кыргызстанга 28 тонна жезди мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнү алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Ош шаарында Ю.И.И. аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 кг түзгөн "Ozbekiston" деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган жез сыныктары табылган.

Товарлар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына аз партия менен алынып келинген. Товар коштоочу документтери жок жүк Жалал-Абад облусунун аймагында жүктөлүп, Ош шаарына бара жаткан.

Кырдаалдар такталганга чейин жүк салынган унаа убактылуу сактоочу кампага жеткирилген. Баалоочу компаниянын маалыматы боюнча 1 кг жез сыныгы 545 сом, товардын жалпы баасы 15 млн 279 миң 75 сомду түздү.

Бажы мыйзамдарын бузуу белгилери бар болгондуктан, бул факт КБР МКЖ АДСке катталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости