www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва борбору исламда биткойн, ноткоин сыяктуу криптовалюталар менен соодалашууга жол берилбей тургандыгы жөнүндөгү фатвасын өчүрүп, бул маселе дагы изилдениши керектигин билдирди.

«Бул маселе боюнча суроо-жооптордун долбоору социалдык түйүндөргө байкабастыктан жана техникалык себептерден улам жарыяланып кеткен. Бул үчүн сиздерден кечирим сурайбыз. Учурда Фатва борборунун директору Шейх Нуриддин Холикназар менен анын орун басары ажылык сапарда. Азырынча бул долбоор боюнча илимий-изилдөө иштери аяктай элек. Аяктаганда сиздерге тиешелүү маалыматтар берилет», – деп жазылган борбордун билдирүүсүндө.

Фатва борборунун алгачкы билдирүүсүндө криптовалюталар шариаттын акчага байланыштуу талаптарына жооп бербей турганы белгиленген.

«Дүйнөдө бир дагы өлкө криптовалюта өндүрбөйт жана ал эч жерде расмий таанылган эмес. Криптовалюталардын баалары өзгөрүп турат жана ал кумар оюндарынын белгилерин камтыйт. Өз кезегинде бул криптовалюталарды арам деп таанууга негиз болуп эсептелет. Ошондуктан криптовалюталар адал болгонго чейин мусулмандар аны менен соодалашуудан карманышы зарыл», – деп жазылган фатвада.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости