www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өздөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерибиз деп тааныштырып жарандардан акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, өздөрүн ИММдин кызматкерлери катары системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип жүргөн бир топ жарандар кармалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жогоруда 6 адамдан турган топ бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. 8-августта бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилген. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылган.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

"Ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды УКМКнын (0312) 66-04-75 телефондоруна билдирип кайрылууну өтүнөбүз. Анонимдүүлүкө кепилдик берилет", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости