www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артыкбаев деген чоң фигура бар. 2013-жылы апрелде Осмонбек Артыкбаев министр болуп турган, Болгондо да ТЭЦ баш ийген энергетика министрлигин энтелеңдеп башкарып калган. Ошол кезде АША асмандан түшө калгансып 150 млн долларга курула турган ТЭЦти 386 млн долларга курам деп бакылдады. Калган акчалар каякка кетет? 2010-жылы февралда Максим Бакиев ЦАРИИ менен дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга сунушталган бул маселени караган. Эмне үчүн 3 жыл өтпөй Атамбаев -Артыкбаев мафиясы 386 млн долларга салабыз деп жулунушкан. Себеби 386 млн долларга курушса канча пайда табышмак? Аттиштин эле баасын 320 долларга көтөрүшкөн, бүгүнкү күнү доллардын курсу 88 сом аны 320 сомго көбөйтсөңөр канча акча болот? Бирөө эле мындай аттиштерден миңдеп сатып алган. Ушуну менен булар ТЭЦ курабыз деген шылтоо канчалаган акчаны жеп турушкан?

ТЭЦти «тез-тез» бурдагандар: Сапар Исаков, Сатыбалдиев, Калиев, Авазов, кээ бири ырайым ала башташты. ТЭЦ боюнча иши чатактар, оңго айланды. Мурунку премьер Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу камактан сактанып жүрөт, Сапар Исаков интерполду тоготпой Кремлден Европаны көздөй кетти, 14 жылга кесилген Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым кылынды. «ТЭЦти» модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду абактан чыгарууну Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровдон өтүнгөн. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.Ага чейин Айбек Калиев менен Салайдин Авазов өздөрү да президенттен ырайым сурашкан. Ырайым берилерден мурда президенттик администрация кылмыш ишин терең иликтеп чыкты. Натыйжада булар кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар эмес экени аныкталды. Жогорку Кеңеш депутаттарынын өтүнүчүн, аларга берилген мүнөздөмөлөрдү, Мунапыс комиссиясынын сунушун карап, президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүнү чечти.

Маалыматта президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүдө өзүнүн мамлекет башчысы катары конституциялык укугунан пайдаланганы белгиленген.Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 17-сентябрда абактан чыгарылган.

Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл, үч айга абакка кесилген.2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар чиновниктер камалган.

«Жаш келсе парага, кары келсе чарагабы?» Мурун башкача «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» болчу? «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, Айбек Калиев бул акчаларды кайдан тапкан? Же анын «ТЭЦ» менен тиешеси жок беле? Жок дегенде эл тоңуп жатканда тоюн койо турса болмок. Айбек Калиев эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин орун басары болуп барат. ТВЕА менен болгон келишимди түзүүдө башкы ролду Айбек Калиев да ойногон. Ал 2015-жылы экономика министринин орун басары болуп «ТЭЦтеги» курулушту көзөмөлгө алганын токтоткон эмес, 2016-жылы бүт электр тармагын колго алган «Энергохолдинг» түзүлүп анын башына Айбек Калиев келет. Табышмактуу эмнеге ал келди же ошончолук иштемчил беле? Айбек Калиев жакын туугандарын бүт электр тармагындагы эң кымбат майлуу-сүттүү орундарга отургузган. «Томояк» Айбек Калиев чоң кызматка келер менен миллионерге айланат, жубайы млн долларлык «Тойота Авенсис» автомобилин алса, өзү 2 млн долларлык «Тойота Прадо», 4,1 миллионго турак-жай, көз жоосун алган мебелдерди жана техниканы алган. Ошондой эле мүлктөрдү сатууда 4,5 млн пайда көргөн. Кечээ эле эч нерсеси жок Айбек Калиевге мынча акча кайдан келет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости