www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус кемелеринин Украина портторуна киришине каршы. Бул тууралуу ал Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн өнөктөш мамлекеттеринин кемелери буудайды экспорттоо үчүн коопсуз коридор түзүшү керек.
«Биз орусиялык кемелерди биздин портторго киргизбей турганыбызды баары жакшы билет, анткени алар бизге күн сайын кол салышат. Бул боюнча Москва менен эч кандай келишим түзүлө албайт. Украина экспортко 100 пайыз даяр экенин баары билет. Биз жөнөкөй цивилизациялуу чөйрөгө даярбыз, бирок коопсуз шартта... Биз сунуштап жаткан схема жөнөкөй, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоого алынган. Коопсуз деңиз маршрутунун схемасын Россия Федерациясынын чегинен тышкары бардык өнөктөш мамлекеттик кемелер ишке ашыра алат», - деди Зеленский.
Маалымат үчүн айта кетсек, Орусия, Түркия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюму Украина портторунан айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн коопсуз коридордун иштешин камсыздай турган «жол картасын» Стамбул планын даярдашкан.
Стамбулдагы координациялык борбордун ишке кириши украин портторуна 20 миллион тонна эгинди дүйнөлүк рынокко экспорттоого мүмкүндүк берет.
Жол картасынын деталдарын талкуулоо үчүн жакынкы күндөрдө Стамбулда бардык кызыкдар тараптардын жыйыны өткөрүлүшү күтүлүүдө. Төрт тараптуу форматта маршруттук каттам, камсыздандыруу, кемелердин коопсуздугу, портту миналардан тазалоо, ошондой эле Башкаруу борборунун курамы сыяктуу маселелер каралат.
Булак: NazarNews.kg