www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сербияга байланыштуу кырдаалда Батыштын "ырын ырдаган" өлкөлөргө боору ооруп жатканын айтты. Ал бүгүн журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.

"Черногория менен Түндүк Македония Орусияны кармап туруу куралы катары өздөрүнүн ролун жакшы аткарышты. Мен бул өлкөлөргө боорум ооруйт, булар биз менен достук мамиледе болгон. Мурда мамилелерибиз жылуу, басып өткөн жолубуз бир эле. Бирок азыркы саясий реалдуулук, бул өлкөлөрдү абдан ыңгайсыз абалга калтырып, Батыштын "ырын ырдатты", — деди Лавров.

Эске салсак, жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Орусиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тарткан. Орусиялык делегация Белградга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышы керек эле.

Кийин Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Орусия батыштык өнөктөштөрүнө эрегишип "темир көшөгө" орнотпой турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости