www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Коргоо министрлиги тынч маалда аскердеги өлүмгө жол бербей турган программа даярдай турганын кабарлады. 7-июнда ведомствонун сайтында жарыяланган маалыматта бул “Аскерде нөлдүк өлүм программасы” деп аталган.

Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков аскер колбашчылары менен жыйын өткөрүп, “тынч учурда аскер кызматкерлеринин жаралануусуна жана өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык керектүү чаралар кабыл алынууга тийиш” деген тапшырма берген.

Министр жоокерлердин өлүмү менен жаралануусунун себебин ар тарапуу талдоо үчүн жумушчу топ түзүүнү тапшырган.

Программаны иштеп чыгууга коргоо министрлигинин аткаминерлери, коомчулук өкүлдөрү, ардагерлер уюмдарынын, медициналык мекемелердин өкүлдөрү жана психологдор тартылат.

Казакстанда кийинки кездери жоокерлердин өлүмү жөнүндө маалыматтар көбөйгөн. 4-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин Маңгыстау облусундагы чек ара аскер бөлүгүндө жоокер Едил Тешебаев муунуп өлгөн. Жакындары анын суицидге барганына ишенишкен эмес жана президенттен ишти адилет иликтөөгө көмөк көрсөтүүнү сурашкан.

18-апрелде Жамбыл облусундагы аскердик госпиталда да бир аскер каза болгон. Министрлик ал таңкы көнүгүү учурунда эсинен танганын, жардам берилгенин, бирок куткарууга мүмкүн болбой калганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости