www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер статусун алуу үчүн анкетанын экинчи бөлүгүн тапшырды, деп билдирди президент Владимир Зеленский Telegram каналында жарыяланган видео кайрылуусунда.
«Бүгүн биз Европа Биримдигине бара жаткан жолубузда өтө маанилүү жана жөн гана расмий эмес дагы бир кадамга бардык. Бул миңдеген барактарды камтыган документ. Биз июнь айында оң жооп күтөбүз. Украинанын Евробиримдикке талапкер статусун алганына байланыштуу», - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Зеленский Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, ага толтурулган анкетаны көрсөткөн.
Өз кезегинде Фон дер Лейен кийинчерээк ЕК июнда Украинанын мүчөлүгү боюнча корутунду берүүнү пландап жатканын айтты.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg