www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик жана НАТО өлкөлөрү Украинага ракета өндүрүү технологиясын бериши керектигин Владимир Зеленский Financial Times басылмасына берген маегинде айтты.

"Европа бул маселеде кайдыгерликти токтотушу керек. Алар өздөрүнүн технологияларын жана өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн башка өлкөлөр менен бөлүшүүгө тийиш, анткени Patriot абадан коргонуу тутумдары баарына эч качан жетпейт", - деди Зеленский.

Ал жакында Россиянын Киевге жасаган соккулары тууралуу айтып жатып, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү бул чабуулдун мизин кайтара албай калганын моюнга алды. 

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига да НАТО өлкөлөрү колундагы Patriot ракеталарынын бардыгын Киевге өткөрүп бериши керектигин жазган.

Последние новости